Президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк чыр-чатактардын көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Анын айтымында, эл менен жолугушуулардын жүрүшүндө үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылган жарандар арбын болууда. Алардын арасында күйөөсүнө нааразы болгон аялдар, бири-бири менен соттошкон бир туугандар да бар.
Мамлекет башчы буга чейин мындай маселелерди жер-жерлерде улуулар чечип келгенин белгиледи.
“Кеч боло электе эсибизге келишибиз керек”, - деген президент кыргызстандыктарды улуттук наркты, ынтымакты жана өз ара сый-урматты сактоого чакырды.