Бүгүн, 23-ноябрда Бишкектеги Мамлекеттик резиденцияда Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сауд Араб Падышалыгынын парламенттик делегациясына кыргыз элинин улуттук маданияты тааныштырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушуудан кийин делегация үчүн атайын маданий программа уюштурулду. Анын алкагында кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын жана руханий мурасын чагылдырган көргөзмө көрсөтүлүп, улуттук кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү тааныштырылды.
Ошондой эле конокторго кыргыздын улуттук ыр-күүлөрү тартууланганы маалымдалды.