Ош. Битир садагадан түшкөн акча жетим балдарга жумшалды
Колдоого муктаж балдарга атайын сый тамак уюштурулду
Балдарга берилген белектер
Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев балдар менен учурашууда
Муфтий, облус казысы жана башкалар
Ош облусунда битир садагага чогулган каражат ата-энесиз жана кароосуз калган балдарга жардам катары жумшалды. Муфтий Рахматтулла ажы Эгембердиев, Ош облусунун казысы Султан Гафуров жана башка дин өкүлдөрүнүн катышуусунда 8-сентябрда Ош шаарында облустун 7 районунан келген балдар сыйланды. Алардын ар бирине 1000 сомдон акча берилип, түшкү тамак, балмуздак жана белектер тартууланды. Андан сырткары алар эс алуу багындагы аттракциондордо бекер көңүл ачышты. Эске салсак, буга чейин орозо битирден түшкөн акчалар медреселерге жумшалып келген. Мындан ары жардамга муктаж балдар үчүн жумшала турганын айтат уюштуруучулар.