Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитине чет мамлекеттерден 1,2 миң киши келет

Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитине чет мамлекеттерден 1,2 миң киши келет. Алар делегациялар жана коштоп жүргөн адамдар. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Айтымында, айрым делегациялардын курамында 100дөн ашуун киши бар. “7 учак менен учуп келүүчү делегация бар. Кайсы мамлекеттен келерин айтпай эле коёюн”,- деди ал. Ошондой эле маданий иш-чаралар мамлекеттик резиденцияда өткөрүлөрүн, түштөнүү үчүн тамактар делегациялардын каалоосу менен даярдаларын, бирок дасторконго сөзсүз түрдө кыргыздын улуттук тамактары да коюларын белгиледи.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан