Алмазбек Атамбаев: “Күлийпа Кондучалова артына жарык из калтырып кетти”

Бүгүн, 9-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев КРнын Баатыры Күлийпа Кондучалованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу  коштошуу зыйнатына катышты. Өлкө башчы өз сөзүндө бүгүн кыргыз эли Кыргызстандын искусствосуна жана маданиятына зор салым кошкон, өлкөнүн улуу коомдук ишмерлеринин бири менен коштошуп жатканын белгиледи.  “Дал ушул 1958-1980-жылдары  искусствонун бардык багыттары: балет, опера, кинематография, сүрөт  дүркүрөп өнүккөн. Окумуштуулардын айтымында, Жер планетасы жаңы жылдыз жарылгандан улам жаралган экен. Менимче, Күлийпа эжебиз өңдүү адамдарда дал ошол жарык жылдыздардын бир бөлүгү жашайт. Мындай адамдар  асмандагы жылдыздар сымал жашап өтүшөт. Алар жарк этип жанып, артында жарык из калтырып кетет,- деди Атамбаев. Мамлекет башчысы Күлийпа Кондучалова Кыргызстандын тарыхында легендарлуу маданият министри катары калганын айтты. “Эже сыяктуу министрлер ага чейин болгон эмес, мындан ары дагы болору белгисиз. Күлийпа эжебиздин ысымы  Кыргызстандын тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калат”,- деп баса белгиледи президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан