7-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Арал айылында М.Мамаев атындагы №36-жаӊы орто мектеп ачылды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Ачылыш аземге депутат Нурбек Мурашев, Гуласал Садырбаева катышты. Салтанатта депутат Мурашев 2008-жылы авариялык абалда болгон аталган мектептин окуу корпусунан окуучулары чыгарылып, 7 чакырым алыс жактагы мектепке окууларын улантууга аргасыз болгондугун жана ага шайлоочулары мектептин оӊдолуп-түзөлүшүнө көмөктөшүү үчүн бир нече жолу кайрылгандыгын эске салды. Мектептин курулушунун долбоору 26 миллион сомду түзгөн. 2008-жылы республикалык бюджеттен 9 миллион сом акча жумшалып, куруу жана монтаждоо иштери жүргөн. Бирок 2010-жылы белгисиз себептерден курулуш токтоп, кийин гана жанданган. Мектеп 200 окуучуга ылайыкталган жана окуу имаратында спорт залы менен ашканасы да жайгашкан.