Бүгүн, 10-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Самойленко көчөсүндө, К.Акиев көчөсүндөгү №49-үйдө, Достук кичи районундагы №1,4,5,6,9,10,11”Б” көп кабаттуу үйлөрдө, Арча-Бешик конушундагы Бах, Түштүк дарбаза, Набережный, Чортеков көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул чектөөлөр аба электр чубалгысын тарттырып, зымтиректерди алмаштыруу иштерине байланыштуу болот.