Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында "Енисей” кафесинде санитардык эрежелер сакталбагандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди жана аталган кафе толугу менен жабылганы белгилүү болду. “Ооруканага түшкөндөрдүн арасында абалы оорлор жок. Бейтапканада бардык дарылар жетиштүү. Учурда эмнеден улам уулануу болгондугу такталууда. Лабараториялык-бактериялык изилдөө үчүн тиешелүү анализдер алынды”,- деп жазылат билдирүүдө. Белгилүү болгондой, 6-сентябрда “Енисей” кафесинде кыз узатуу тою өтүп, анда массалык уулануу болгон эле. Республикалык инфекциялык ооруканага 68 адам жаткырылганы, алардын 9у жаш балдар экени айтылды.