Бүгүн, 21-июнда толкунданган абитуриенттер Жалпы республикалык тест тапшырып, 11 жылдык билимин сынап көрүү максатында эртең мененки саат 7ге жетпей тест тапшырууга аты катталган мектептин имаратынын алдына чогулуп башташты.
Республика боюнча ЖРТны өткөрүү үчүн 117 борбор даярдалган. Биз көргөндөй анда пандемия шартына байланыштуу санитардык талаптар катуу көзөмөлдөнүп жатты. Тест борборлорунун аймагындагы тартипти көзөмөлдөө үчүн абитуриенттердин ортосундагы 1 жарым метр аралыктын сакталышы, адамдардын топтолбошу жана чоочун кишилердин тест борборуна кирбешин камсыздаш үчүн жергиликтүү Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылыптыр. Тест борборунун имаратына кирип жатканда абитуриенттердин дене табы ченелип, колдоруна санитайзер чачылып, мектеп имаратынын ичине киргизилип жатты.
Алгач эле шаардагы №11 мектептеги тест өтүү тартибине көз салдык. Анда узун кезекке тизилип турган абитуриенттер шаардын ар кайсы мектептеринен чогулган бүтүрүүчүлөр.
Алардын бири Жаннат Сулайманов борбор калаадагы №5 гимназияны ийгиликтүү бүтүрүп жатат. Ал мектепте жакшы окуган, активист окуучулардын бири. Жаннат бул убакка чейин күнү-түнү уктабай даярданган күндөрү көп болгон. Айтымында, азыр анын бул убакка чейин окуган билиминин жыйынтыгы билинет.
Ал кошумча курстарга барбай эле мугалиминен консултация алып, тестке өз алдынча үйдөн даярданган. "Мен эч кандай кошумча курстарга барган жокмун, мугалимимден кеп-кеңеш алып эле үйдө күндүр-түндүр окуп, даярдандым. Буюрса, тилегим орундалып, максималдуу балл алам деп турам", - деди ал.
Сынак 24-25-июнда эки баскыч менен өткөрүлөт. Түрдүү себептер менен учурунда каттоого алынбай, тестирлөөгө катыша албай калган окуучулар 11-12-июлда тест тапшырса болот. Ал эми быйылкы окуу жылында Жалпы республикалык тестирлөө сынагына 41 миң 727 бүтүрүүчү тест тапшыруу үчүн катталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен сырт билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бакытбек Ырысбеков айтты.
№11 мектептен чыгып алып №66 окуу тарбия комплексине келдик. Ал жакка келсек абитуриенттер орундуктарга жайгашып отуруп калышыптыр. Ал эми мектептин сыртында кызына дем күч берип, атайын Нарындан келген Жыпаркүл Жумабаеваны кезиктирдик.
Ал "кызым быйыл мектепти бүтүп жатат. Анын жакшы балл алуусун тилеп канча саат болсо да сыртта күтүүгө даярмын. Анткени менин бул жакта күткөнүм кызыма канат болуп, ага шык берет. Ошондуктан, балапаныма колдоо кылып, атайын Кочкордон жол арытып келдим. Өзүм дагы кызымдан өтүп толкунданып жатам", - дейт Жумабаева.
Андан кийин биз №65 мектепке бардык. Ал жактан негизги тесттин биринчи бөлүгү аяктап, абитуриенттер тыныгууга тараган учуруна кез келдик. Негизги тест үчүн 3 саат 35 мүнөт берилген. Математика – 60 суроо болсо, ага 90 мүнөт, аналогиялар жана сүйлөмдөрдү толуктоо – 90 мүнөт жана Эне тилдин практикалык грамматикасынын суроосу 30 болсо, ага 35 мүнөт берилди. Биз негизги тесттин биринчи бөлүгүн тапшырып чыккан абитуриенттерди кепке тарттык. Алардын бири Сезим Канатбекова, ал "даярданганда жеңил көрүнгөнү менен суроолорду белгилеп жатканда кыйынчылык болду жана суроолор татаалдай туюлду", - дейт.
Сынактын жыйынтыгы 13-19-июль аралыгында белгилүү болот.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков быйыл жогорку окуу жайлар абитуриенттерди онлайн форматта кабыл алыша турганын кечээ, 20-июндагы жыйында билдирди. Айтымында, балдардын ортосундагы өз ара байланышты чектөө максатында алар жогорку окуу жайларына абитуриенттерди онлайн режиминде кабыл алууну туура көрүшкөн.