Тажикстандан чуркап келе жаткан спортчулар бүгүн, 10-сентябрда Ош шаарына жетет. Алар 5 кыргыз, 5 орус жана 5 казак улутундагылар. Спортчулардын Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан чуркап чыкканына 5 күн болуптур, бүгүн саат 16:30 чамасында Ош шаарына келери күтүлүүдө. Аларды Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери тосуп алышып, андан ары Кытайга узатышат. Муну аталган комитеттин төрагасынын орун басары Заир Тагаев билдирди.