Орусия Кыргызстанга 15 миллион долларлык техника белек кылды
Бишкекте ШКУнун саммитин өткөрүүгө жардам катары Орусия Кыргызстанга 15 миллион долларлык техника белек кылды. Бул тууралуу
Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз качысы Виктор Харченко
билдирди. Кыргызстанга ВМW үлгүсүндөгү 7 брондолгон унаа, Mercedes
Benz Sprinter үлгүсүндөгү 10 кичи автобус жана МИ-8 үлгүсүндөгү бир тик учак берилди.
Бул маалыматты Президенттик аппараттан ырасташты.