10-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 749 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 345 метр куб, суунун агып чыгышы 227 метр кубду түзүүдө. 2012-жылы бул маалда суу сактагычта 17 миллиард 428 миллион метр куб суу бар болчу. Ал эми суунун агып кириши 285 куб метрди, агып чыгышы 323 куб метрди түзгөн.