2013-жылдын 8 айында Ош облусу боюнча 401 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 54 кырсыкка көп экенин билдирет Ош ОИИБи. Кара-Суу районунда 189, Өзгөн районунда 93, Ноокат районунда 72, Чоң-Алай районунда 7 жол кырсыгы каталганы айтылды. Өспүрүмдөр аралашкан 103 жол кырсыгы катталып, 17 өспүрүм каза тапса, 86 өспүрүм түрдүү жаракаттарды алышыптыр.