Акыйкатчылыкка талапкерлер Турсунбек Акундун арызы боюнча сот чечимин күтүүнү депутаттарга сунушташты
Акыйкатчылыкка талапкерлер Турсунбек Акундун арызы боюнча сот чечимин күтүүнү андан кийин гана сынакты өткөрүүнү депутаттарга сунушташты. Мындай сунуш бүгүн, 10-сентябрда ЖКнын адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Акыйкатчы болом деген айрымдар экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан бошотулушунда мыйзамдар бузулганын айтып чыгышты. Комитетте бүгүн талапкерлердин ой-пикири угулууда. Айта кетсек, аталган кызматка ат салышууга 53 талапкер арыз берген.