Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаш жубайлар дарак отургузушту 

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарында "Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу" долбоорунун алкагында "Адинай" сейил багына жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар ольха дарагын отургузушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Бул дарак отургузуу сүйүүнүн, үй-бүлөлүк бакубаттуулуктун жана жубайлардын жашоосундагы жаңы этаптын символу болот. Ал жаш жубайлар менен бирге өсүп, алардын жашоосундагы өзгөчө күндү жана бирге баскан жолун эске салып турат",- деп билдирди мэрия.

Долбоорго катышууну каалаган жаңы үйлөнгөндөр бак отургузуу үчүн жерди тандап, тиешелүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан