Бүгүн, 29-октябрда Чүй облусунун Кожомкул (Военно-Антоновка) айылындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирип, тилсиз жоо саат 12:09 чамасында чектөөгө алынганын кошумчалады.
Маалыматтарга ылайык, мектептеги окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Окуя болгон жерде төрт өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барууда.
Ошондой эле мектепке жакын жайгашкан үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлдү.