Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети бүгүн, 10-сентябрда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушу өткөрөт. Муну аталган комитеттин башкы адиси Медер Абдыманапов билдирди. Иш-чарада жаштарды коомдук иштерге тартуу жана терс жолдорго, салтсыз диний агымдарга кирип кетпөөсүн алдын алуу темасы талкууланат. Жыйынга шаардагы 12 аймактык жаштар комитеттеринин төрагалары, студенттер жана башкалар катышат.