Учурда коронавирус инфекциясынан тышкары сасык тумоо илдети дагы жүрүп жатканы байкалууда. Айрыкча жаңы эле ачылып иштей баштаган бала бакчаларга барып жаткан балдардын арасында ОРВИ жана сасык тумоо күч алганын ата-энелер айтып жатышат. Ансыз да эпидемиологиялык абал оор болуп турган учурда сасык тумоонун жайылышына эмне себеп болуп жатат жана андан балдарды кантип сактоо керек деген суроо менен Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери Назира Бейшебаевага кайрылдык.
- Саламатсызбы, Назира Адылбековна. Учурда борбордо сасык тумоо күч алып жаткандай. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?
- Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы менен бирге эле ОРЗ (острое респираторное заболевание - курч респиратордук оору) жана ОРВИ бирдей жүрүп жатышы мүмкүн. Ал эми сасык тумоо бул аталган илдеттердин симптомдорунун бири катары каралат. Негизи вирус үчүн белгилүү бир мезгил болбойт. Ал жыл бою жүрөт. Жай мезгилинде адамдар кондиционер, ар кандай желдеткичтерди колдонушат. Бул учурда аларга жел тийип, сууктап калышы мүмкүн. Мындан тышкары муздак суу ичип, муздак сууга түшүшөт. Ал эми балдар балмуздак жеп башташат. Булардын бардыгы сасык тумоого, суук тийүүгө алып келет. ОРВИ жөнүндө айта кетсек, бул курч респиратордук вирустук инфекцияны балдар чоңдорго караганда оор көтөрөт. Анткени алардын иммундук системи жакшы калыптана элек болот. ОРВИ аба аркылуу тез эле тарап кетет. Демек бала бакчага ОРВИге чалдыккан бир эле бала келсе ал баарына жуктурат.
- Коронавирус менен сасык тумоону бири-биринен кантип айырмаласа болот?
- ОРЗ менен ОРВИде жогорку дем алуу органдарынын кыртышы ооруйт. Башкача айтканда жөтөл, көздөн жаш агуу болот. Бирок организмде системдик түрдө оорлошуу жүрбөйт, даамды сезбей калуу чанда кездешет. Белгилей кетүүчү нерсе, коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамда алгачкы күндөрү даам, жыт сезүү жоголбойт. Андыктан ал ооруганын сезбей жүрүшү мүмкүн. Коронавирус инфекциясынын мүнөздүү белгилеринин бири - дене табы 38ден жогору болот. Ал бир нече күн бою ошондой кармалат. Андан тышкары дем алуу жаш куракка карабастан оорлошо баштайт. ОРВИ менен ОРЗда туура дарылоодо 7-8 суткаларга карата оорунун белгилери жоголуп, айыгуу жүрөт.
- Жай мезгилиндеги сасык тумоодон сактануу үчүн эмне кылуу керек?
- Жогоруда айтып өткөндөй эле, күн ысыкта муздаткычтагы суусундуктарды ичүү ангинага алып келет. Ал күчөп кетсе, адам сасык тумоого кабылат. Андыктан колдон келишинче бөлмө температурасындагы суусундуктарды ичкиле. Азыр унааларда дагы кондиционер бар, аларды дагы абайлап пайдалануу керек. Кондиционер иштеп жатканда, анын маңдайына отуруп алса, адам бат эле суук тийгизип, тумоого кабылышы мүмкүн.
- Быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу балдар лагерлерге жана жайлоого бара албай калышы мүмкүн. Мындай шартта балдардын саламаттыгын кантип чыңдаса болот?
- Эң негизгиси туура тамактануу. Азыр балдардын организмин витаминдер менен байытуучу мезгил да. Баланын жаш курагына жараша мүнөздөп тамак берүү керек. Кечки тамактан кийин балдарды сейилдетип келүү дагы абдан пайдалуу. Үй шартында жөн гана сыртка чыгып, үй-бүлө менен жай басып келүү баланын ден соолугуна гана эмес, эмоционалдык-психологиялык абалына дагы оң таасир берет. Ошондой эле таң эрте денени чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасаткыла. 4-5 жаштан баштап балдарга үйдөгү жеңил жумуштарды тапшыра бериш керек. Бул балага физикалык күч болуп, организмдин чыңдалышына жол ачат. Негизи ооруну күчөтүп жиберүүдөн көрө анын алдын алган жакшы. Андыктан жай мезгилинде балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн болгон күчүңөрдү жумшасаңар, суук келген мезгилде ооруга кабылуу аз болот.
- Назира Адылбековна, пайдалуу кеңештериңиз үчүн чоң рахмат!