Бишкектеги "Семетей" пунктунда (мурдагы "Ганси" авиабазасы) адамдар дары-дармектин, кычкылтек концентраторунун жетишсиздигинен каза болуп жатышканда, жаңы партиядагы медициналык техникаларды колдонууга бербей өкмөт башчынын келишин күтүп жатышты. Бул тууралуу Жоомарт Ачекеев аттуу социалдык тармактын колдоонуучусу баракчасына жазып чыкты.
Анын айтуусунда, бул окуяны Гансидеги кейиштүү кырдаалга туш болгон адамдар айтып беришкен.
"Ганси. Кечээ биз жолдошум экөөбүз пандемиянын экинчи жагында болуп келдик. Элге ким жардам берип жатканын билесизби? Эч ким. Балким бул окуя кимдир-бирөөнү сактап калууга себепчи болот. Жолдошумдун кесиптеши бир нече күндөн бери ооруп жаткан. Анын сатурациясы 77 пайызга түшүп кеткенде (норма 95 пайыз жана андан жогору) ооруканага жаткырууга аракет кылдык. Бирок аны жандандыруу бөлүмүнө өзүнүн кычкылтек концентратору жок кабыл албай коюшту. Ошол эле күнү ал концентраторду ижарага таптык. Алгач үйүндө кычкылтек алып жатты. Бирок сатурациясы 39 пайызга түшүп кеткенде, "Тез жардам" чакырдык. Алар бейтапты Гансидеги жандандыруу бөлүмүнө алып барууну чечти. Ал жак алыс болгондуктан араң дегенде жеттик. Ортодо "Тез жардам" кызматынын унаасында биздин адамга керектүү кычкылтек түгөнүп калгандыктан, башка унаага түштүк.
Гансиге келгенде өзүбүздүн алып келген кычкылтек концентраторубуз менен жаткырышты. Обсервациянын аймагында жөнөкөй эле суу алганга дүкөн, дарыканалар жок. Анткени жалгыз дарыканасы кечки саат 6-7лерде эле жабылат экен. Ал эле эмес жандандыруу бөлүмүндө медициналык кол кап, катетерлер жок экен. Дарыгерлер болгон нерсе менен жардам кылууга аракеттенишип жүрүшөт. Дарыгерлер дегенде кандай, алар окууну жаңы аяктагандар же 6-курстун студенттери. Бизге дары-дармектин тизмесин беришти. Шаарга учкан бойдон жөнөдүк...
Гепарин, С витамини, антибиотик, кол кап, катетерди издеп бир дарыканадан экинчисине жүгүрдүк. Жөнөкөй эле катетер табуу кыйынга турду. Кыскасы араң 2 саат дегенде Гансиге айткан дары-дармектерин алып келдик. Аларды карматкандан кийин бизден дагы бир аппарат сурашты, аны издөөнү жарым сааттан кийин токтоттук. Жолдошумдун кесиптеши каза болуп калды...
Жандандыруу бөлүмүндө өлүккана жоктугуна байланыштуу сөөктү тез алып кетүүбүздү талап кылып жатышты. Аза кызматына чалсак, Гансиге баруудан баш тартып коюшту. 118, ӨКМ жана башкалар биринен-бирине түртүп жатышты. Акча туруп, анча-мынча байланыштар туруп, биз эч нерсе кыла алган жокпуз. Жашоо үчүн күрөштө башынан аягына чейин чоң эмгек жана чоң акчалар кетип жатты. Бирок ал маанилүү эмес, мындай учурда эң баалуу убакыттан уттурат экенсиң!
Өлүккана. Гансиде бизге сөөктү такси менен же өз унаабыз менен алып кетүүнү кеңеш беришти. Байланыштар аркылуу гана унаа табууга мүмкүн болду. 11:00дө өлүкканага бардык. Ал жакта болуп жаткан көрүнүштөрдү элестетүү да кыйын. Сөөктөрдү мүнөт сайын алып келип жатышты. Ушул эле жерде мусулман жана христиан дин кызматкерлери маркумдарга жаназа окуп жатышты.
Каза болгондордун диагнозу тууралуу өзүнчө тема. Статистика калп. Ковидден же пневмониядан каза болгондордун жакындары кант диабети, жүрөк оорусунан жана башка оорусунан көз жумду, деген сыяктуу аныктамаларды сатып алышат экен. Анткени маркумду протокол боюнча көмгүлөрү келбейт. Ар мүнөт сайын жаңы унаа, адамдардын тобу, ый, өкүрүк, күбүр-шыбыр сөздөр...
Ганси. Өлүкканадан чыгып кайра Гансиге бет алдык. Ал жерден өзүбүздүн кычкылтек концентраторду алып кетүү керек эле. Баратып өкмөт башчы Гансиде салтанаттуу түрдө жандандыруу бөлүмүн ачып кеткендигинен кабардар болдук. Биз келгенде жаңы медициналык техникалар турган бир топ коробкаларды көрдүк. Көрсө алар тасма кесип, ачылышын жасоо үчүн өкмөт башчыны күтүп жатышыптыр. Тагыраагы адамдар өлүп жатканда, алар өкмөт башчынын келишин күтүшкөн экен. Сөз жок... Вируска ишенбейм дегендерге жана изоляция режимин сактабагандарга Бишкек шаарындагы өлүккана жайгашкан имаратка баруусун сунуштайм", - деп жазган ал.
13-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов "Семетей" обсервациясынын иши менен таанышуу үчүн барган. Социалдык тармактарга тараган жогорудагы билдирүү тууралуу же анын чын-бышыгы боюнча азырынча өкмөт да, Саламаттыкты сактоо министрлиги да, республикалык штаб да үн ката элек.