Орусиялык миллиардер Алишер Усманов медицина кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө үчүн Өзбекстанга дагы 10 миллион доллар бөлдү

Өзбекстанда төрөлгөн орусиялык миллиардер Алишер Усманов медицина кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө үчүн Өзбекстанга дагы 100 миллиард сум (10 миллион доллар) бөлдү. Бул каражат жана мамлекеттик бюджеттен кошумча 100 миллиард сум, "Тез жардам" кызматкерлерин шыктандыруу үчүн бөлүнөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Өзбекстандын өкмөтүн тийиштүү чечимине ылайык, "Тез жардам" кызматынын коронавирус инфекциясынын таралышына каршы күрөшкөн кызматкерлерге төмөнкү өлчөмдө бир жолку материалдык сыйлыктар берилет:

Дарыгерлерге - 5 миллион сум (500 доллар);

Орто медицина кызматкерлерине - 4 миллион сум (400 доллар);

Айдоочуларга - 3 миллион сум (300 доллар).

Бул төлөмдөр үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин иштеген кызматкерлерге гана берилет.

66 жаштагы Алишер Усманов буга чейин дагы Өзбекстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 20 миллион доллар бөлгөн.

Миллиардер Усманов Өзбекстанга дагы 10 миллион доллар бөлдү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2020-07-31 11:47:26
Биздин байларга караганда өтө эле март экен молодец элин таштабай.
+6
XATSAN125
2020-07-31 14:36:21
Jelezo,олсо олугу артык десең
+4
AdylbekB84
2020-07-31 15:07:17
Молодец Өзбекстандын өкмөтүнө караганда жакшы иштерди жасап жатат, ооруган дарыгерлерди ооруну жуктурганым үчүн өзүм күнөөлүүмүн деп кол койдуруп жатат экен, компенсация төлөбөш үчүн! Ушул акчалар түз колдоруна тийсин эми дарыгерлердин!
+1
Nourlan
2020-07-31 16:59:25
Бкл Усмановдуг
н уяты жок. Аялы Ирина Виннер экөө Алина Кабаева окшогон көчөт кыздарды акчасы көп сасык чалдарга сатып акчалуу болгон имиш. Путиндин бийлиги алмашса бул акежандын орду түрмөдө.
-5
Krai
2020-08-01 07:10:54
Бабанов менен Салымбеков угуп жатат бекен ушундай жанылыктарды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан