Кыргызстандык Руслан Исаевдин илимий эмгеги Бакуда өткөн 14 өлкөнүн окумуштуулары катышкан сынакта 1-орунду алды

Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн энергетика боюнча эл аралык жыйындын алкагында энергетика тармагындагы мыкты илимий жумуштардын сынагы болду. Бул сынакта кыргызстандык илимпоз Руслан Исаевдин эмгеги 1-орунду алды. Техника илимдеринин кандидаты Руслан Исаев “Кыргызстанда жана экономикалык кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдөгү калыбына келүүчү энергия булактары” жана “Экономикалык кызматташтык уюмундагы биогаз технологиялары” аттуу эки илимий эмгек менен аталган сынакка катышкан эле. Сынакка 14 өлкөнүн окумуштуулары тарабынан 60тан ашык илимий эмгек сунушталды. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык илимдер институтунун басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AshatMJ89
2013-09-10 13:13:53
азамат
0
Asus84
2013-09-10 13:45:11
куттуктайм

0
chali
2013-09-10 13:53:56
Азаматсынар, ишинерге ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан