Саат 22:30дан баштап... Бишкекте коомдук транспорттор бүгүн кечинде токтойт

Бишкекте ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулат. Шаардык мэриянын маалымат кызматынан автобустардын, троллейбустардын жана маршруттук таксилердин каттамы саат канчада токтотуларын кабарлашты.

Ага ылайык, коомдук транспорттордун каттамы бүгүн, 26-июнда саат 22:30да токтотулат. Ал эми каттамдар кайра дүйшөмбү күнү, тагыраагы 29-июнда саат 06:00дө жанданат.

"Көрсөтүлгөн убакытка чейин үйүңүздөргө жетип алыңыздар. Ишкана, мекемелердин жетекчилигине кайрылып, кызматкерлердин коопсуздугу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү, мүмкүн болсо аралыктан иш алып барууну же транспорт менен камсыз кылууну сунуштайбыз.

Ошондой эле шаар тургундарын зарылчылык болбосо үйдөн чыкпай отурууга чакырабыз", - дешти мэриянын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2020-06-26 17:15:11
Бул Бишкек шаарына гана тиешелүүбу Сокулук кара балта маршруттары да токтойбу же жокпу
0
Kuban-1207
2020-06-26 17:57:00
2 күн токтотсо оору токтоп калабы болбогон нерсени ойлоп табышат баары бир окшош эле
+5
algakaray
2020-06-27 02:28:53
Эптеп эле элди уйго отургуза албай атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан