Кыргызстандын өкмөтү, "Кыргызалтын" жана "Центерра" "Кумтөр" долбоору боюнча меморандумга кол койду

2013-жылдын февраль айынан бери Кыргызстандын өкмөтү “Centerra Gold Inc.” компаниясы менен “Кумтөр” долбоорунун түзүмү өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. 10-сентябрда өкмөт, “Кыргызалтын” ишканасы жана “Centerra Gold Inc.” компаниясы менен биргеликте “Кумтөр” долбоору боюнча мындан аркы принциптерди аныктоочу жана мындан аркы сүйлөшүүлөргө негиз болуучу меморандумга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, тараптар Кыргызстандын мыйзамына туура келген ишкана түзүшөт. Ал ишкана “Кумтөр” кенине ээ болуп, ишкананы башкарат. Түзүм өзгөргөн соң Кыргызстан “Кумтөрдүн” 50 пайызына ээ болот, бул көрсөткүч Кыргызстандын жалпы кирешесин 84 пайызга жогорулатат. “Кумтөр” долбоорунун түзүмүн өзгөртүүдө Кыргызстандын максаты:

  

-“Кумтөрдүн” иштөөсүнүн ачыктыгын камсыз кылуу;

  

-Кыргызстан тарабынан “Кумтөрдү” текшерүүлөрдүн санын көбөйтүү;

  

-“Кумтөрдөн” түшкөн каражаттардын эсебинен кирешелүүлүктү көбөйтүү;

  

- Келечекте эл аралык стандарттарды сактоо менен экологиялык маселелерди чечүү.

  

Маалым болгондой, кол коюлган меморандум акыркы келишим болуп саналбайт. Бирок ал акыркы келишимдердин принциптерин аныктайт. Акыркы келишимдерде төмөнкү принциптер каралат:

  

-Түзүлө турган жаңы ишканадагы акциянын 32,75 пайызына “Кыргызалтын” ишканасы ээ болот;

  

-Кыргызстан “Кыргызалтын” ишканасы аркылуу жаңы түзүлүүчү ишкананын 50 пайыз акциясына ээ болот;

  

-Түзүлүүчү ишкананы Кыргызстан менен “Centerra Gold Inc.” компаниясынын өкүлдөрүнөн турган директорлор кеңеши башкарат;

  

Жаң түзүлүүчү биргелешкен ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Кыргызстан тараптан шайланса, “Centerra Gold Inc.” компаниясы тарабынан анын орун басары шайланат;

  

-Негизги чечимдерди директорлор кеңеши бекитиш керек болот;

  

-“Кумтөр” кенинен кыргыз тарап түшкөн кирешеден түз пайда табат. Түзүмдү өзгөртүү болгондо 2014-жылы Кыргызстанга түшкөн акча көбөйөт;

  

-Кыргыз тарап “Centerra Gold Inc.” компаниясынын акцияларын ээ болбой калат. Бирок акциянын баасынын өсүшүнөн кыргыз тарап пайда көрүшү үчүн түзүмдү өзгөрткөн соң, 2 жыл бою кыргыз тарапка кайтарымсыз негизде 6 миллион варрант (акциялардын эквивалент) бөлүнүп берилет. Ар бир акциянын баасы 10 долларга барабар;

  

-“Кумтөргө” болгон салык күчүндө калат.

  

Ал эми бул сүйлөшүүлөр боюнча кабыл алынган акыркы келишим ЖКнын, директорлор кеңешинин жана “Centerra Gold Inc.” компаниясынын акционерлеринин кароосуна жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан