Адахан Мадумаровго кол салуу болгондугу тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырат.
"Текшерилген, расмий булактардан алынган маалыматтарды гана негиз кылууңуздарды өтүнөбүз",- деп белгиленди маалыматта.