Алмазбек Атамбаев: “Күрөштү олимпиадалык оюндардын программасына кошуу чечими Кыргызстандын спортчуларына кеңири жол ачат”

Президент Алмазбек Атамбаев спорттук күрөштү 2024-жылга чейин жайкы Олимпиада оюндарынын программасына кайра кошуу тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен канааттанганын Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. “Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими Кыргызстандын спортчулары үчүн жакшы  жол ачып жатат. Бизде күрөш спорттун негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат.  Акыркы кезде Кыргызстандын балбандары ири эл аралык мелдештерде, Азиянын Чемпиондугунда, Казандагы Бүткүл дүйнөлүк жайкы Универсиадада бир катар жеңиштерге жетишти”,- деп  белгиледи Атамбаев. Мамлекет башчысы ошону менен катар өкмөткө  алдыдагы Олимпиада оюндарына жана башка эл аралык ири мелдештерге карата спортчуларды даярдоо программасын толук аткарууга жакшы көңүл буруп, кошумча чараларды караштыруу тууралуу тапшырма берилерин белгиледи.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан