11-сентябрыда саат 11:00дө Улуттук эне менен балдарды коргоо борборунун перинаталдык мезгилдеги паталогия бөлүмүнүн капиталдык оңдоодон кийинки ачылыш аземи болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. “Капиталдык оңдоп-түзөө иштери биздин бөлүмдө 15 жылдан бери аткарылган эмес. ТИКА түрк агенттиги демөөрчү болуп, терезелер, эшиктер, санитардык түйүндөр, жарыктар жана полдун үстүн жаңылоо иштери жүргүзүлдү”,- дейт бөлүмдүн башчысы Владлена Жихарева. Белгилей кетсек, бул жерде республиканын бардык аймактарынан жыл сайын 1 айдан 3 жашка чейинки 1500гө жакын балдар борбордук нерв системинин паталогиясы менен дарылануудан өтүп турушат.