23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата шаардагы кафе-ресторандарды улуттук колоритте жасалгалоо пландалууда. Мындан сырткары өзбек мектептердин биринде Мамлекеттик тил борбору ачылат. Иш-чаранын алкагында шаардын борбордук көчөлөрүндө “Кыргыз тилинде ырдайбыз”, “Өзүнүн эне тилин урматтаган жигиттер” аттуу сынактар, поэзия кечелери, акын-жазуучулар менен жолугушуулар, илимий-практикалык конференциялар өтөт. Бул тууралуу мэриянын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Эркайым Маматкерим кызы билдирди.