Ырчы Асел Кадырбекова кабылган автокырсыкта "Патруль" менчик күзөт агенттигинин 2 кызматкери жаракат алышкан. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда жол кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканын, кеңири маалымат берилерин мекемеден кошумчалашты.
Ал эми жаракат алгандар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, ырчыдан тышкары күзөт агенттигинин бир кызматкери ооруканада жатканын, анын абалы туруктуу экенин айтышты.
Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Жабырлануучулар - Асел Кадырбекова (1991-жылы туулган), О.М. (1994-жылы туулган) жана К.А. (туулган жылы белгисиз). Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.