Ырчы Асел Кадырбековага операция жасалды

Жол кырсыгына кабылып, ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбековага операция жасалды. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков тарабынан маалым болду.

"Асел Кадырбекованын акырегине 9-июлда операция жасалган. Ал алгачкы кадамдарды жасап, кыймылдай баштады. Учурда жандандыруу бөлүмүндө, жанында апасы бар. Анын абалы аз-аздан жакшырууда", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nuret94
2020-07-13 21:14:48
Аллахым шыпаасын берсин
+19
muras111211
2020-07-13 21:20:08
Жакшы болуп сакайып жакындарынын бактысына бар болсун.
Ден соолук, узун өмүр.
+17
rola
2020-07-13 21:45:04
Эртерээк сакайып кет.Алла шыпаасын берсин.
+13
Tymar
2020-07-14 01:19:33
Жараткан Тенирим колдоп, ден соолукта бол
-13
erbol1998kg
2020-07-14 09:36:46
Кудайым куч берсин!!!
+1
AidaKurman
2020-07-14 09:49:17
Буйруса баары жакшы болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан