Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу кыскача маалымат берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына калтырган видеосунда айтты.
Анда Сабырбек Жумабеков журналисттерге кайрылып, телефон чалуулар аябай көп болуп, дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаралып жатканын айткан.
"Телефон чалуулар көп болуп, ишибизге жолтоо болуп жатат. Эл дагы маалымат күтүп жатат, андыктан ырчынын абалы тууралуу кыскача маалымат берели.
Асел Кадырбекованын абалы оор бойдон калууда. Эсине келе элек. Дары-дармектин жардамы менен эмес, өз алдынча дем алып, кан басымы турукташып баратат. Кичине болсо дагы жылыш бар. Бирок абалы оор бойдон. Башка маалымат бере албайбыз", - дейт ал.
Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, эс-учун билбеген абалда.