Ош. 1 жылда ОшМУ 500 миң долларлык инвестиция тартыптыр
Ош Мамлекеттик университети бир жылда чет элден 500 миң долларлык инвестиция тартты. Анын натыйжасында Конфуций институту, Көз карандысыз тестирлөө борбору түзүлдү жана жүздөгөн жаңы техникалык каражаттар алынды. Муну окуу жайдын маалымат кызматы билдирди. Быйыл Түркия менен бирге жаңы окуу корпусун жана жатакана куруу боюнча келишимге кол коюлуптур.