Биз социалдык тармакта

Рамзан Кадыровдун атынан Кыргыз өлкөсүндөгү карылар үйүнө унаа жана тиричилик буюмдары тартууланды

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун атынан Кыргыз өлкөсүндөгү Чечен жараны жашап кеткен карылар үйүнө акчалай жана гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Тагыраагы Чечен өлкөсүнүн башчысынын атынан Хонда үлгүсүндөгү 1 минивен, 10 муздаткыч, 3 чаң соргуч, 3 телевизор, кир жуучу машина, француз идиш-аяктары жана карылар үйүнүн жашоочуларына кийим-кече тартууланган. Андан тышкары 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат берилди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Белгилүү болгондой, Рамзан Кадыров Ассоль Молдокматованын эсебине 30 миң доллар акча которгон. Коомдук ишмер карылар үйүнүн жетекчиси Айчүрөк Алышева менен кеңешип, Рамзан Кадыров которгон акчага зарыл болгон буюмдарды алып, тапшырды. Акчалай түрүндө берилген 100 миң сомдун жарымы (50 миң сому) Чечен жаранына кам көргөн Роза Акбулатовага берилди.

Буга чейин дээрлик 10 жыл Кыргыз өлкөсүндөгү карылар үйүндө жашаган 81 жаштагы Данга Батиев аттуу Чечен жараны тууралуу Молдокматованын сюжети чыккан. Ал сюжет менен таанышкан Рамзан Кадыров карыяны мекенине кайтарууга жардам бере турганын билдирген.

19-июнда Бишкек-Грозный багытындагы чартердик каттам уюштурулуп, анда Ассоль Молдокматова менен Данга Батиев Чеченстанга учуп кетишкен. Грозный шаарындагы аба майдандан бийлик өкүлдөрү жана Данга Батиевдин туугандары тосуп алышкан.

21-июнда Чеченстандын президенти Ассоль айымга ыраазычылык иретинде бриллиант топтомду белекке берип жиберген жана анын эсебине акча которорун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Asman779
2020-06-30 17:01:47
Ыраазычылык Кадыровго. Оз элине, жерине мекенине куйгон адам, Бир чечен болсо дагы оз элим деп мекенине алып Кетти. Бизде да ушундай намыстуу адамдар болсун, ар Бир кыргыз учун куйгон. Молдокматованын эмгегине да ыраазычылык
+14
J1irg
2020-06-30 17:01:51
Кадыров озунун проблемасын чечип алсынчы. Кыргыздар анчалык деле итке минип калган жокпуз.
-18
batleybesh
2020-06-30 17:18:30
J1irg,туз жала, ушундай озунду ойлогон адамсынбы!
+9
Alinur96kg
2020-06-30 22:45:38
J1irg,ит эмес мышыкка мине турган болуп деле калдык окшойт.Бюджетибизде эч нерсе жок.
+2
filis
2020-06-30 17:14:02
Бир чечен жаман оюнда кыргыздардын проблемасын чечип атат имиш. А тигил Ассоль дагы бир параджа оронуп, чумконуп чечендерге жагынып, миллионер болгусу келдиби.
-13
Mamiev
2020-06-30 17:15:20
filis,көптөн бери аты чыкпай калды эле пиар жасап жүрөт да озуно
-12
-BOSS-
2020-06-30 17:33:49
filis, Кыргыздын проблемасын чечип жаткыдай келип алып саясатка аралашып мыйзам чыгарып жатты беле, Мусулман мусулманга жардам кылып жатат болду, башка эч нерсе көрө алган жокмун.
+13
zhanka1234
2020-06-30 17:20:23
Ассоль пиар кылган кундо да, карылар уйуно жардам алып келди!
+15
elebes86
2020-06-30 17:32:17
Ассоль башына хиджаб чумконуп туруп, эми дагы бир чечен чалды издеп тапса, точно миллионерша болот.
-11
yasin11
2020-06-30 17:47:47
Туугандар Ассоль кантип кийинип барбасын жакшы иш жасады сообко ээ болду и Кадыровтон жараткан ыраазы болсун
+14
Shabi
2020-07-01 00:14:31
Ушул терс комментарий жазгандар,ошончолук эле кыйын экенсинер,ушундай карылар уйуно 30мин$ эмес,3000сом берип койдунар беле.ушундай ичи тар адамсынар,силер омур бойу ушинтип отосунор,бироонун бироого кылган жакшылыгын коро албай
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан