Биз социалдык тармакта

Ыраазычылык билдирди! Ассоль Молдокматовага Чечен башчысы Рамзан Кадыров бриллиант топтом тартуулады

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага Чечен башчысы Рамзан Кадыров бриллиант топтом тартуулады. Белек тууралуу Ассоль айым өзү билдирүү калтырып, Чечен башчысына ыраазычылыгын айткан.

Буга чейин дээрлик 10 жылдан бери Кыргыз өлкөсүндөгү карылар үйүндө жашаган 81 жаштагы Данга Батиев аттуу Чечен жараны тууралуу Молдокматованын сюжети чыккан. Ал сюжет менен таанышкан Рамзан Кадыров карыяны мекенине кайтарууга жардам бере турганын билдирген.

19-июнда Бишкек-Грозный багытындагы чартердик каттам уюштурулуп, анда Ассоль Молдокматова менен Данга Батиев Чеченстанга учуп кетишкен. Грозный шаарындагы аба майдандан бийлик өкүлдөрү жана Данга Батиевдин туугандары тосуп алышкан.

21-июнда Чеченстандын президенти Ассоль айымга ыраазычылык иретинде бриллиант топтомду белекке берип жиберди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
algakaray
2020-06-22 17:13:34
Кут болсун!!!
+7
Nurbany
2020-06-22 17:18:23
Молодец
+2
TalaCSKA
2020-06-22 17:19:27
Эми ошол украшениени сатып туруп благотворительность ко жумшап кой вообще молодец болосун Ассоль.
-19
Merelisha
2020-06-22 17:28:32
Ана сага! Укмуш.
+7
taalay25
2020-06-22 17:55:35
Хиджаб кана Ассоль эжекеси!))
-9
aybek88
2020-06-22 18:21:02
taalay25,хиджаб эмес жон эле жолук болчу
+15
taalay25
2020-06-22 18:27:30
aybek88,жакшылап кара кайдагы жоолук хиджаб. Биринчи жоолук деген не, хиджаб не, паранджи не билип алып анан жазчы
-1
J1irg
2020-06-22 18:50:06
aybek88,
Хиджаб, паранджа кыргыздын кыздары оронуп, чумконо турган баш кийим эмес. Хиджаб, хиджаб кыргыздын баш кийими эмес. Бул арабтардыкы. Арабтар дин аркылуу оздоруунун салтуу кийимдерин, тилин жайылтып жатат.
-1
0001KG
2020-06-22 20:06:11
Жанагы амеркадагы Алмаз Райымкулов беле? Ошонун аялыбы бул?
+7
taalay25
2020-06-22 20:25:38
0001KG,ооба
+4
katerina.li
2020-06-23 01:02:52
0001KG,сабатсыз, Америка амерка эмес
-1
0001KG
2020-06-23 01:19:59
katerina.li, акылдуусунган, кыскасы түшүндүңда Амеркабы, Америкабы э?))
0
Mamiev
2020-06-22 18:01:15
Бизге келип хиджапты чечиптир да сраз. Бул өлкөнү сыйлабастык жана эки жуздуулук. Биздин өлкө ислам мамлекети болбогону менен өлкөдө мечиттер бар калктын 80% жогорусу мусулман. Анан бөлөк өлкөгө барып бети башын жаап бизге келип чечип койгону эмнеси. Бизге да хиджап кийип пайдалуу иш жасасан бриллиант бере тургандар чыгат
+6
aybek88
2020-06-22 18:20:42
Mamiev,Ар бир олконун озунун салты, мыйзамдары бар. Ал жакта жыланбаш жургонго болбойт. Бака деле Соке менен Арабтарга барганда жолук салынганлего
+9
J1irg
2020-06-22 18:47:03
Рамзан пияршик. Ассольго хиджаб, паранджага оронуп, чумконгон учун бриллиант бергендин ордуна, ошол брилианттын акчасына чечендерге бир мектеп салып берип койсо болмок. Чечендерге хиджаб оронуп кошомат кылбай. Хиджака оронбой эле койгула кыздар.
-5
Aimani
2020-06-22 23:48:51
J1irg,Ассоль паранджа оронгону үчүн эмес чечен улутундагы аксакалга жардам берип, социалдык тармактарга алып чыккан үчүн ыраазычылык билдирип белек бериптир. Түшүнбөй эле жаза бересиңер
+10
erlan2196
2020-06-22 18:55:18
Хиджаб кыргыздын баш кийими эмес жана болбойт дагы. Молдолор эл арасында диний фейк маалыматтар менен элдин башын айлантып жатышат. Хиджаб, паранджага оронуу коомдо аялдардын баркын эч качан которбойт.
-4
zhaku2017
2020-06-22 19:19:52
Кыздардын келечеги анын башындагы баш кийминен эмес, башынын ичиндеги мээсинен коз каранды. Андыктан хиджабка эмес, мээге конул буруш керек
+12
Aidar.001
2020-06-22 19:25:56
Пахта
+3
taalay25
2020-06-23 07:28:36
Ассолдун «великий Рамзан Ахматович», дегени жакбады! Оо великий Хан деп мурда Чынгыз ханды айтчуу экен. Путиндин Эн жаман коргону озуно ушул фразаны кошуп суйлогондорду жаман корот экен. Дайыма озу «великий русский народ!», деп оз элин суйлойт
+4
katerina.li
2020-06-23 10:24:15
Кыйын экенсинер ошончо ,силер апарып келбейсинерби чеченди чеченская республика га. Оозунар менен орок оросунар
0
Rahim76
2020-06-23 13:37:17
Комменте жалан акылдуулар отурат.Биринен бири отот.Кобунчо молокосостор отурат.Чукушканы чукушкан.Койсунар десе капа болосунар.
+3
Nur777
2020-06-23 19:18:30
Комплект кут болсун!
Эми жакшылап катпасаныз(банккабы,личный сейфкеби) уурулардын козу тушту...
0
Nourlan
2020-06-24 05:33:25
Батукаевди качырганда берген долларларынын көбү жасалма болуп чыгыптыр, деп айтып жүрүштү эле. Анысы кандай бул бриллианттары дагы жасалма болуп чыкпаса болду.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан