“9-сентябргп карата 12900 гектар жердеги арпа, буудайдын 12400 гектары же 93,3 пайызы жыйналды”,- деп билдирди 10-сентябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн агрардык секторунун башчысы Абай Шатманов. Учурда 32881 тонна дан эгиндери жыйналса, анын 29346 тоннасын буудай. Бүгүнкү күндө эгин чабык иштери Манас, Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунда толук аяктаса, Талас районунда 67 пайызы жыйналыптыр.