Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева УКМКнын кызматкерлеринин коштоосунда экс-президентти көрүү үчүн ооруканага кирип кетти. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Рита Борбукеева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Буга чейин SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаев президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын оорукананын "кызыл зонасында" жатканын, ал жакка кирген адам 14 күн үй карантининде же болбосо ооруканага жатышы керек экендигин айткан.