Жогорку Кеңеште маркум Күлийпа Кондучалованы бир мүнөттүк эскерүү болду
ЖКнын 11-сентябрдагы жыйынында айрым депутаттардын сунушу менен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, маркум Күлийпа Кондучалованы бир мүнөттүк эскерүү болду. Төрага Асылбек Жээнбеков аталган айымдын мамлекетке кошкон салымын баса белгилеп "бул киши көз жумар алдында "Кыргызстанды, маданиятты сактагыла" деген сөз айтыптыр. Муну өлкөнү өз жашоосунан да өйдө койгон инсандар гана айта алат",- деди. Айта кетсек, мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин маданият министрлигин узак жылдарга башкарган Күлийпа Кондучалова 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумду.