5-сентябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан чуркап чыккан спортчулар 10-сентябрда Ош шаарына келишти. Спортчуларды Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери жана анда тарбияланып жаткан жаш спортчулар тосуп алышты. Чуркап келе жаткан спортчулардын бири Даурен Успанов буларды айтты: “Биз менен кыргыз-тажик чек арасына чейин чуркап келген тажик спортчусу белгилүү себептерден улам калып калды. Жалал-Абаддан биздин курамга дагы 2 спортчу кошулат. Үрүмчү шаарына 23-сентябрга жетип барышыбыз керек. Жеткиче канчасы толукталып канчасы кетет белгисиз”. Учурда чуркап келген спортчулардын арасында 2 кыргыз, 5 казак, 1 тажик, 1 корей спортчусу бар.