Президент Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы тар чөйрөдө жолугушту

Бүгүн, 11-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин тар чөйрөдөгү жолугушуусу болду. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасы өнүгүп жаткандыгын, ага Кытайдын салымы чоң экендигин белгиледи. “2 тараптуу кызматташуу өнүгүүдө. Кытай биз үчүн ишенимдүү коңшубуз”,- деди өлкө башчы. Өз кезегинде Кытайдын төрагасы Кыргызстанга келгенине кубанычта экендигин белгиледи. “Кыргызстанга болгон биринчи сапарым. Бул мамлекеттик сапар учурунда 2 өлкөнүн алакаларын чыңдайбыз, ошондой эле ШКУнун саммитине катышмакчымын. Акыркы жылдары 2 өлкөнүн мамилеси жакшы өнүгүүдө”,- деди Си Цзиньпин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан