Бүгүн, 11-сентябрда ЖКнын жыйынында «Ата Журт» партиясынын тизмеси боюнча жаңыдан депутаттык мандат алышкан Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мурзабеков, Бакыт Шаршеев ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Төрага Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан жаңы эл өкүлдөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүсү менен куттуктап, алардын иштеринде ийгиликтерди каалады. Эске салсак, Жогорку соттун чечимине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 20-августундагы чечими менен мурдагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон эле.