Бөдөш Мамырова, депутат: "Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин убактылуу кармоочу жайына кирген адам чыкпайт дейт, эмне киргендердин баары өлүп калабы?"

Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин башчысы Алымбай Султанов ЖКнын 11-сентябрдагы жыйынында туура эмес айтып алган сөзү үчүн депутаттардан кечирим сурады. Ал депутаттарга маалымат берип жатып "мекеменин убактылуу кармоочу жайларынын абалы жакшы. Ал жакка жөндөн-жөн бирөө кирбейт, кирсе кайра чыкпайт",- деген эле. Сөздүн туура эмес айтылганын биринчилерден болуп депутат Бөдөш Мамырова байкады. "Адам кирбейт, кирсе кайра чыкпайт дегениңиз эмнеси? Эмне баары эле кирип өлүп калабы?",- деди ал. А.Султанов туура эмес сүйлөп алганын моюнга алып "биздин мекеме бейкүнөө адамдарды ал жакка камоого жол бербейт деген ойду айтайын дегем",- деди. 

 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан