Бүгүн, 11-сентябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен Кытай эл республикасынын төрагасы кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрүүдө. Анда мамлекет башчы Кытай Кыргызстандын ишенимдүү коңшусу экенин, бул нерсе тарыхта тастыкталганын айтты. “Кыргызстанды саясий жактан колдогондугу үчүн жана экономиканын жогорулашына салым кошкондугуна Кытай өлкөсүнө ыраазычылык билдиребиз. Бул сүйлөшүүлөр аркылуу кызматташтыкка жаңы жол ачып, мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүлөрүнө ишенем”,- деди Атамбаев. Ошондой эле мамлекет башчы 2 өлкө арасында мамилелердин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүчү маселелер жок экендигин белгиледи. “Буга тар чөйрөдө болгон сүйлөшүүдө ынандык. Бизде биргелешкен көп долбоорлор иштелип жатат. Кыргызстан аркылуу Кытайга кетүүчү газ түтүгүн куруу, Бишкек ЖЭБин оңдоо жана жолдорду куруу долбоорлору иштелүүдө. Кытайдын жардамы менен “Датка-Кемин” көмөк чордону курулууда, Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо иштери жүрүүдө”,- деди Атамбаев.