Бүгүн, 11-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу учурунда Кытай төрагасы мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келгенине жана ШКУнун саммитине катышарына кубанычта экенин билдирди. “Кыргызстан жана Кытай жакшы коңшулар. 21 жыл дипломатиялык кызматташтык учурунда саясий ишеним чыңдалып, экономикалык мамиле жогорулады. Учурда эл аралык мамилелерде чоң өзгөрүүлөр болууда. Кыргызстан менен Кытайдын өнүгүү багыты бир. Кытай тарап мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин жогорулатууну колдойт. Коопсуздук багытында дагы кызматташууга даярбыз”,- деди ал.