Бүгүн, 11-сентябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду. Алар: Техникалык экономикалык кызматташуу боюнча макулдашуу, Кыргызстанга Автоунаа берүү жана аны өткөрүп алуу актысы, Кыргызстан-Кытай газ өткөрүүчү түтүктү куруу жана пайдалануу боюнча макулдашуу, Салттуу медицина тармагында ич ара түшүнүү боюнча меморандум. Ошондой эле Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоо жана түштүк-түндүк жолун куруу боюнча макулдашууга, “РСК” банкка 10 миллион доллар салуу тууралуу насыялык макулдашууга жана Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу декларацияга кол коюлду.