Жоомарт Оторбаев: "Кыргызстан аркылуу Кытайга өтүүчү газ түтүгүнөн Кыргызстан ижара үчүн акча алат"

Кыргызстан аркылуу Кытайга өтүүчү газ түтүгүнүн узундугу 224 чакырымды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, бул түтүк газды Түркмөнстандан Кытайга алып өтүү үчүн курулат. “Алай, Чоң-Алай аркылуу өткөрүлөт. Андан биз ижара алабыз. Канча суммадагы каражат алынарын сүйлөшүүдөбүз. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, жылына 30-40 миллион доллар болот. Куруу иштери 2015-жылы башталат”,- деди Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан