Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 3 миллиард долларга барабар келишимге кол коюлганын экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, грант түрүндө Кытай Кыргызстанга 200 миллион юань бермекчи. “Берилген каражаттардын көбү жаңы канал курууга, жаңы сугат жерлерди түзүүгө жумшалат. Кол коюлган документтердин эң чоңу - түндүк-түштүк альтернативдүү жолу. Буга Кытай 400 миллион доллар берип жатат. Бишкек ЖЭБин оңдоого 386 миллион доллар, ошондой эле өлкөлөр аралык газ түтүгүн курууга 1,4 миллион доллар бөлүүдө. Медицина тармагына жана ШКУнун саммитин өткөрүү үчүн берилген жардамдар да бар”,- деди Сариев. Ошондой эле Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүү заводду кеңейтүү боюнча алдыга ири долбоорго кол коюлгандыгын белгиледи. “Ал үчүн 400 миллион долларга жакын инвестиция бөлүп берүүдө. Кытай төрагасынын мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында Кыргызстанга 3 миллиард доллардан ашуун инвестиция келүүдө”,- деди министр.