Биз социалдык тармакта

"Мөңгүгө кирип кетип каза болгон". Жалал-Абаддагы жайлоодо атасына насвай алып келем деп кетип дайынсыз болуп жаткан баланын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жайлоодон атасына насвай алып келгени эшегин минип чыгып кеткен 14 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 24-июнунда Ноокен районуна караштуу Тоскоол-Ата токой чарбасына караган Беш-Теке жайлоосунда 14 жашар бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат Ноокен РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, өспүрүмдү табуу максатында, башка милиция бөлүмдөрүнө багыттамалар берилген.

Бул учурдан тартып райондук администрация, ӨКМ, милиция кызматкерлери, айылдаштары, туугандары тарабынан тынымсыз ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, жайлоо жашоочуларына маалыматтар берилген. Анын алкагында өспүрүмдүн жансыз денеси бүгүн, 8-июлда жайлоодогу чабандар тарабынан табылып, милицияга билдирүү келип түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 14 жашар бала жолдо бара жаткан учурда катуу жаан жаап, коюу туман болгондуктан, жолдон адашып, мөңгүгө кирип кетип каза болгон. Баланын денеси жакындарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин SUPER.KG порталына 14 жаштагы Нуртилек Нышанбев жайлоодон эшегин минип, итин ээрчитип кеткен боюнча жок болуп жатканын жакындары айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
nurikkg90
2020-07-08 21:10:16
окунучту аябай журогум ооруду окуп алып
+19
Jelezo
2020-07-08 21:20:47
Нас чекбей эле койсоң болмок экен,кайрат кылгыла кырсык каш кабактын ортосунда.
+20
katerina.li
2020-07-08 21:26:54
Насывайын менен куруп кал ай. Ошончо зарыл беле насыбай чеккен
+19
rola
2020-07-08 21:29:32
Бейишин берсин.Жаштар коп олуп атат.Ата-энесине сабыр.
+14
Meken28
2020-07-08 21:59:47
Nasbai chekken ozu olush kk bolchu
+3
AidaKurman
2020-07-08 22:13:43
Байкушум десе:(Кудайым бейиштен орун берсин. Тируу табылышынды тилеп журдум эле:(
+12
urmat94
2020-07-08 22:23:07
Бул кырсык да туугандар атасы билген эмес да мындай окуя болуп кетишин ошого атасын куноолой бербегиле ал да азыр насвайга жонотконуно окунуп отурса керек Жаткан жери жайлуу болсун
+23
KalenAlmaz
2020-07-08 22:42:50
Апасы байкуш кантти экен сабр!!
+8
jumaev0084
2020-07-09 02:51:52
Тамада эле насвай.Насвайга кетти деген жокко
+1
Raihan0602
2020-07-09 09:57:18
Насвай чекпесе өлүп калышпайбы аба ырайы бузулуп турганын көрүп алыс жолго чыгаргандарына эмне дейсиң жамгыр болбосо деле талаада башка жырткыч жаныбарлар кол салышы толук мүмкүн да. Өтө өкүнүчтүү кайран бала
+9
Arstan18.18
2020-07-09 12:02:54
Жин азгырганго биздин айылдан бир келинди азгырып зоонун башына чыгарып секиргени атканда кармашкан МЧС
+1
jumaev0084
2020-07-09 16:04:46
Кана менин коментарийим супер к
+3
Aliar1
2020-07-09 17:44:59
Адееп атасын куноолой бербегиле буну ажал деп койот ажалы жеткен адам уйундо жатып деле олуп кала берет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан