Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад облусундагы жайлоодо эшегин минип кеткен 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Бештеке жайлоосунда 14 жаштагы өспүрүм Нуртилек Нышанбаев жоголгонун анын жакындары SUPER.KG порталына билдирди.

"Ал 26-июнь күнү кечки саат 17:00 чамасында жайлоодон кошунасыныкына көк эшек минип, алабай итин ээрчитип атасына насвай алып келем деп чыккан экен. Ошол боюнча 12 күндөн бери дайынсыз. Көргөн, билген эч ким жок болуп жатат", - дейт жакындары.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда, өспүрүмдү издөө иштери жүргүзүлөрүн билдиришти. "Бизге милициядан кабар түшкөндөн кийин өспүрүмдү 2-3-4-июль күндөрү издегенбиз. Анан кайра жоголгон өспүрүмдүн ата-энесинин жазган катынын негизинде издөө иштерин токтотконбуз", - деп билдиришти ӨКМдан.

Нуртилек Нышанбевди көргөн, билгендер болсо 0707-34-31-67 номуруна кабарлап коюуну өтүнөбүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altynka95
2020-07-06 21:06:33
Ити деле жок бекен ?
+1
Arstan18.18
2020-07-06 21:15:55
На свай чекпей калсын атасы, Дин азгырып кетет жайлоодон бирок ити болсо билбейм да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан