“Мен бала кыялмын. Бул мүнөзүмдү жоготсом, жакшы ырлар жаралбай калат” дейт Мирбек Атабеков. Элдин азыркы абалына күйүп-бышкан ырчы менен ар тараптуу маек курдук. “Азыр кандай абалда турабыз? Алдын алышпайт беле? Чет жерден, элден чогулган каражат кайда кетти? Ооруканаларда шарт түзүп коюшпайт беле? Эл өкүлдөрү азыр жок дегенде колунда бар ресурстарын колдонуп жардам кылбайбы? Элди ойлоп койбогон ушунча таш боорсуңарбы?” деп бийлик өкүлдөрүнө кайрылган ырчынын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №918 санынан окуй аласыз.