“Кылмышка шектелип кармалгандарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизилүүдө

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында каралды. Мыйзам долбоору боюнча Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Алимбай Султанов баяндама жасады.Мыйзам долбоору карама-каршылыктарды жоюу жана мыйзамдардагы боштуктарды четтетүү максатында сунушталууда. Талкууда депутаттар баңги заттарды ташуучулар, сатуучулар менен күрөшүүчү кызматтын кызматкерлери өздөрү дагы таза болушу керектигин белгилеп, мыйзам чыгаруу органы баңги заттарды сатуучулар менен күрөшүүнү күчөтүү жаатында ар тараптан көмөк көрсөтөөрүн белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого алышты.Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан