"Тажикстан унаалардын айнектерин караңгылатуудан 8 миллион доллар пайда тапты, бизде болсо терезелерди караңгылатуу туура эмес дешүүдө",- деди депутат Дастан Бекешев ЖКнын 11-сентябрдагы жыйынында. Депутат Кыргызстанда да бул нерсеге уруксат берүү керек деген ойдо. "Тажикстанда унаалардын айнектерин караңгылатуу 500 доллар турат. Мындан алар 8 миллион доллар табышты. Биз неге мындай өлкөлөрдөн үлгү алсак болбойт?",- дейт Бекешев. Айта кетсек, ЖКда президент тарабынан артка кайтарылган тийиштүү мыйзам талкууланып, унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү маселеси талкууга алынды.